Орусиялык ырчы Виктория Дайнеко музыкант, режиccёр Алексей Воробьёв менен кайрадан табышты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, түгөйлөрдүн сүйүүсү 6 жылдан кийин жанданган.
Маалым болгондой, Алексей Воробьёв "С Новым годом, мой любимый человек" чыгармасына клип тарттыруу үчүн Орусияга келген. Клипте башкы каарманды Виктория Дайнеко менен Воробьёв өзү жаратат. Алтургай Алексей Воробьёв мындан 7 жыл мурда сүйүктүүсү белекке берген баш кийимди ала келген. Клипке тартылып жаткан түгөйлөрдүн ортосунда сүйүү оту кайрадан жанданганын алардын жакындары билдирген. Учурда белгилүү түгөйлөр кайрадан табышканы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.
2012-жылы Алексей Воробьёв Виктория Дайнекого мамилелерин токтотууну сунуштаган. Виктория сүйүктүүсүнүн бул кылганына катуу ыза болуп, кечире алган эмес. Мындан улам ал турмушка чыгып, кыздуу болгон. Бирок ырчынын үй-бүлөлүк жашоосу көпкө узаган эмес. Ал эми бул аралыкта Алексей Воробьёв кыздан кыз жандап, Лос-Анжелесте жашап калат. 2013-жылы батыш маалымат булактары Алексей жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алганын жазып чыгышкан.