Ош шаарында 16 жаштагы кыздын көз жарганы боюнча териштирүү иштери улантылууда. Бул окуя боюнча чогултулган материалдар Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 13-ноябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашты.
Буга чейин кызды 15 жашында күйөөгө берген ата-энеге жана нике кыйган имамга кылмыш иши козголо турганы айтылган.
"Учурда бул факт боюнча чогултулган материалдардын баары шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилди. Ал материалдар иликтенип бүткөн соң, кылмыш иши козголот. Иликтөө иштеринин алкагында, көз жарган 16 жаштагы эне 15 жашында турмушка чыкканы аныкталган. Кыздын ата-энеси аны 9-классты аяктаган соң эле турмушка берип койгондугун билдиришкен", - дешти облустук милициядан.
Белгилүү болгондой, 2002-жылы туулган жаш эне Өзгөн районунун тургуну. Ал Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде 28-октябрда көз жарган. Кыз алгач жашын жашырып, кийин төрөт үйүнөн чыгып жатканда жашы жете элек экендиги белгилүү болгон.