Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жалпы жарандык коомчулукка кайрылуу жасады. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, өз сөзүндө министр чыгармачыл адамдардан ага сыйлык сурап эмес, жаңы идеялар менен келүүсүн өтүнгөн.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө министрликке келгендердин 90 пайызы наам, сыйлык алуу маселелери менен келип жатышат.
"Бул көрүнүштү токтотуубуз керек. Жалпы жарандык коомчулуктан мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңөрдү суранам. Андыктан, аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн эске алып, маданият тармагында жасалып жаткан иштерге көмөк көрсөтүп, мага арка бел болууга чакырам.
Министрлик өз компетенциясынын чегинде сыйлыкка келип түшкөн документтерди коллегия курамы менен карап, процедура боюнча мамлекеттик сыйлыктарды кароо боюнча катчылыкка жөнөтөрүн белгилеп кетким келет", - деген Жамангулов.
Ошондой эле ал жалпы маданият тармагында жасала турган негизги багыттарга токтолгон.
"Кыргыз элинин тарыхый-маданий жана рухий мурастарын сактоо менен маданият жана искусство, кесиптик классикалык музыкадан баштап, элдик чыгармачылык чөйрөсүн өнүктүрүү, калктын ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына аралашуусу үчүн шарттарды түзүү керек. Ошол эле учурда туристтик сектордо көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, Кыргыз өлкөсүнүн туристтик потенциалын көтөрүү жана эл аралык аренага Кыргыздын кадыр-баркын калыптандыруу милдети эң негизгилерден болуп турат.
Биз улутубуздун улуулугун, тарыхыбыздын тактыгын, руханий байлыгыбыздын, унутта калып бара жаткан улуттук каада-салттарыбызды маданиятыбыз менен гана тааныта алабыз. Бул үчүн маданият тармагында эмгектенген ар бир кызматкер өз салымын кошуусу керек. Муну менен катар, маданият тармагындагы эмгектенип жаткан ар бир кызматкер өтөгөн кызматы, маданият тармагына кошкон салымы үчүн өзүнүн баасын алышы керек", - деген ал өзүнүн кайрылуусунда.
Айта кетсек, Жаманкулов мындай пикирди айткан биринчи министр эмес. Мекеменин буга чейинки жетекчилери кызматка дайындалгандан кийин ушундай маанидеги кайрылууларды жасап келишкен.