Өлкө аймагында мышыкты темирге байлап алып, аны атып өлтүргөн адамды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ интернетте белгисиз адам мышыкты темирге байлап алып аны атып жатканы тартылган видео тараган. Видеодо болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы киши белгисиз курал менен мышыкты атып өлтүргөн. Ал видеодо: "Азыр карап тургула, мышык өлөт. Дагы бир жолу атабыз, мына өлдү мышык", - деп сүйлөгөн сөздөрү бар.
Видеодо 04KG 580 мамлекеттик номерлүү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унааны да байкоого болот. Такталбаган маалыматтарга ылайык, окуя болжол менен Жалал-Абад облусунда болушу мүмкүн деп айтылууда.
"Видеодогу адамдын аты-жөнүн тактоо, окуя кайсы жерде болгонун аныктоо иш-чаралары жүрүүдө. Учурда ал адам кармала элек", - деп билдиришти ИИМден.
Айта кетсек, Жаза процессуалдык кодексине ылайык, өлкө аймагында жаныбарларга карата мыкаачылык менен мамиле жасагандарга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат же 120 сааттан 150 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.