2017-жылы Ош облусунда жашы жете элек кыздарды турмушка берген үч учур катталып, 6 адам жоопко тартылган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 16 жаштагы эки кыз жана 17 жаштагы бир кыз ата-энеси тарабынан турмушка берилгени аныкталган. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (17 жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо) менен кылмыш иши козголгон.
"Мыйзамга ылайык, кызды турмушка берген жана аны келин кылып алган ата-эне, күбөлөр жана никени кыйган имамдарды жоопкерчиликке тартуу каралган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөсү толук далилденген 6 адам сот жообуна тартылган. Натыйжада алар соттун чечими менен 2 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратылган болчу. Ал эми бул жылы бир факт катталды. Тактап айтканда, Өзгөн районунун 16 жаштагы тургунунун көз жарганы боюнча териштирүү иштери улантылууда. Учурда чогултулган материалдар Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Жакынкы убакыт аралыгында ал окуя боюнча да кылмыш иши козголот", - деп билдиришти милициядан.