Казань шаарында Дүйнөлүк Универсиада уланууда. Өткөн күндүн жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчулар медалга ээ боло алышпады. Учурда Кыргызстандын курама командасы медалдык эсеп боюнча 47 өлкөнүн арасынан 16-орунду ээлөөдө. 10-июлда кыргыз спортчулары жеңил атлетика, дзюдо, стол тенниси жана сууда сүзүү боюнча беттештерге катышкан, бирок жеңишке илинбей калышты. Орусия азырынча 115 медаль менен биринчиликти эч кимге бербей келе жатат. 2-орунда 31 медаль менен Япония, 3-орунда 21 медаль менен Кытай келе жатат. Кыргызстандын куржунунда 2 алтын, 1 күмүш, 6 коло, жалпы 9 медаль бар.