"Элес", "Асыл тумарым", "Вера в любовь", "Жаным" жана башка ырлары менен таанымал болгон ырчы Абир Касенов уулдуу болду. Төртүнчү ирет ата болдум деген ырчы SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Уулум 2-ноябрда эле борбордогу төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө келген. Жеке жашоом, үй-бүлөм, балдарым тууралуу коомчулукка маалымат чыгарбайм. Ошондон улам уулдуу болгонумду билдирген эмесмин. Учурда уулум менен жубайым үйдө, абалы канааттандырарлык. Азырынча балабызга ысым коё элекпиз", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, Абир Касенов менен жубайы буга чейин 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келген.