Ош шаарында эки Дэу Тико унаасын уурдоого шектелген адам кармалды

Ош шаарында эки Дэу Тико унаасын уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сѳз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБине 33 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал унаа базарынын жанынан ага таандык Дэу Тико үлгүсүндѳгү унаасы белгисиз адам тарабынан уурдалганын билдирген. Ушундай эле арыз менен 23 жаштагы жаран да кайрылган. Анда ал шаар ичиндеги көчөлөрдүн биринен белгисиз адам унаасын айдап кеткенин билдирген.

"Жүргүзүлгѳн иликтѳѳ иштеринин натыйжасында аталган унааларды уурдоого шектелип, Ош шаарынын 15 жаштагы Д.М. аттуу тургуну кармалган. Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ унааларды ачкыч тандоо жолу менен эшиктерин ачып жана жүргүзүп, эки машинаны тең бир түндѳн шаарда такси катары пайдаланып, андан соң шаардын сыртына ээн талаага таштап кеткенин билдирген. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, баш коргоо чарасы каралууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoro
2018-11-13 21:14:17
Тиконун оной ачылабы замок зажигания эшиги?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан