Кочкордо жол кырсыгынан 5 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди
Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-ноябрь күнү саат 09:15 чамасында Кочкор-Арал унаа жолунда болгон.
"БМВ-528 үлгүсүндөгү унааны 27 жаштагы А.Ч. аттуу айдооочу башкарып бара жатып рулга ээ боло албай калып, кырсыкка учураган. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги 4 жүргүнчү жана айдоочу жабыркап, Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген. Кырсыктан жаракат алгандардын баары Кочкор районунун тургундары болушкан", - деп билдирет басма сөз кызматкери.