"Тамашоучу", "Универсал" командасынын капитаны Калыбек Турдубаев уулдуу болду

"Тамашоучу", "Универсал" командасынын капитаны, "Тамашоу" Лигасынын 8-сезонунун чемпиону Калыбек Турдубаевдин үй-бүлөсүндө толуктоо болду. Дегенибиз, Турдубаевдин жубайы Урматжан Абдукапар кызы экөөнүн экинчи уулу төрөлүп, жубайлар кубанычка бөлөнүп турган чагы.

Калыбек Турдубаевге байланышканыбызда ал учурда жубайынын жана уулунун абалы жакшы экенин айтты.

"Кечээ, 13-ноябрда түштөн кийин уулум төрөлүп, бул дата биздин үй-бүлөдөгү дагы бир маанилүү күн болуп калды. Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде аман-эсен көз жарып алды. Биринчи уулум Алымбек 1 жаш 4 айлык. Буюрса, балдарыбызды удаа чоңойтобуз. Азырынча ымыркайга ысым коё элекпиз, чоң атасы ат тандайт", - деди ал.

Калыбек Турдубаев менен Урматжан Абдукапар кызы 2016-жылдын 14-сентябрында баш кошкон. "Тамашоучу" ага чейин SUPER.KG порталынын кубогунда "Мыкты оюнчу" аталып, Бали аралына жолдомо утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Batma.Sh
2018-11-14 10:33:23
Бешик боосу бек болсун!
+5
Gulnyr19
2018-11-14 14:55:10
Бешик боосу бек болсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан