Бишкектеги №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери 15 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 14-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мира Абдылдаева кабарлады. Анын айтымында, дарыгер 13-ноябрда козголгон кылмыш иштин негизинде кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
"Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси “медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбоосу) менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1959-жылы туулган А.Ф. аттуу дарыгери камакка алынды", - деди Абдылдаева.
Бишкек шаарынын 15 жаштагы тургуну ушул жылдын август айында №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ийне сайылгандан кийин каза болуп калган. Ал невропатологдо дарылоодон өтүп жаткан. Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын тактап баштаган.