Караколдогу мектеп окуучуларынын бычакташуусу боюнча териштирүү иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан маалымдашты.
"Факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына ылайык, бычакталган өспүрүмдү жоопко тартуу маселеси каралат. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери аягына чыга элек", - деп билдиришти милициядан.
Айта кетсек, окуя 31-октябрь күнү Каракол шаарындагы мектептердин биринде орун алган. Анда 8-класстын окуучусу 14 жаштагы окуучунун бутуна бычак сайган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. 8-класстын окуучусунун мындай кадамга баруусуна окуяга чейин жабырлануучу бир нече мектептин окуучулары менен бирге анын классташтарын сабап койгону себеп болгон.