"Бир кадам алдыга" тасмасы аркылуу таанылган актриса Женна Дуан Ченнинг Татум менен ажырашууга расмий арыз жазгандан кийин ким менен мамиле куруп жаткандыгы тууралуу үн катты. Чет элдик басылмалар буга чейин актриса америкалык актёр, ырчы Стив Кази менен сүйүү мамилесин куруп баштаганын жазып чыгышкан.
Акыркы учурда Женна Дуан менен Стив Кази коомдук жайларда чогуу жүрүп, кечелерге жетелешип барып жүрүшкөн. Азырынча актриса сүйүү романы тууралуу кеңири маек берүүдөн баш тартып келет. Бирок ага карата айтылып жаткан кептердин жалган экенин дагы төгүнгө чыгарган эмес.
"Мен жеке жашоом тууралуу билдирүү жасагым келбейт. Бирок менин үй-бүлөлүк жашоомо кызыгып, сөз кылып жатканыңарга рахмат! Аябай бактылуумун", - деген ал өз сөзүндө.
Ал эми Ченнинг Татум дагы британиялык ырчы Жесси Жей менен мамиле куруп баштаганын батыш маалымат булактары жазып чыкты. Азырынча актёр мамилелерин ачыкка чыгарууга шашылган жок.
Эске салсак, Ченнинг Татум менен Женна Дуан ушул жылдын апрель айында эки башка жолго түшкөнүн айтышкан. Бирок жылдыздуу түгөйлөр расмий түрдө ажырашкан эмес. Ал эми октябрда Женна Дуан Лос-Анжелес сотуна ажырашуу тууралуу арызын таштаган.