Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайынан 22 жаштагы кыз эгиз түгөйүнүн паспорту менен өтүүгө аракеттенип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-ноябрда "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайынан 1996-жылы туулган З.Р. аттуу кыз чек арадан өтүп баратып, бир нече суроого жооп бере албай койгон. Шек санаган кызматкерлер териштирүү иштерин жүргүзүп, ал 22 жаштагы Ф.Р. аттуу Кыргыз жараны экенин, ал эгиз түгөйүнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракеттенгенин аныкташкан. Тиешелүү документтер толтурулган соң, кыз УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.