Өзбекстандык ырчы Шахло Ахмедова клиптеги "ачык" образы үчүн лицензиясынан ажырады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ырчынын лицензиясы "Өзбекконцерт" мамлекеттик ишканасы тарабынан алынган.
Маалым болгондой, ырчынын "Летние дожди" клиби телеберүүлөргө чыга элек, болгону бир нече күн мурда интернет желесине чыккан. Клипте Шахло Ахмедова башкы каармандын ролун өзү жараткан. Анда кыз-жигиттин алоолонгон сүйүүсү чагылдырылат. Бирок жигитинин башка бирөө менен кучакташып турганын көрүп калган кыз мамилесине чекит коёт.
Клиптин сюжетин "Өзбекконцерт" мекемесинин атайын комиссиясы көрүп чыгып "өзбек менталитетине туура келбейт, клипте өтө эле "ачык" кадрлар бар, уят" деп баалаган. Мындай кеңештен кийин комиссия мүчөлөрү ырчыны лицензиясынан ажыраткан.
Шахло Ахмедова 1994-жылы 18-июлда Өзбекстандын Денау шаарында төрөлгөн.