SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы видеоклип толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна кыргыз эстрада ырчысы Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" аталышындагы клиби кошулду. Ырчы мырза клипке ата-энем, бир туугандарым катышкан дейт.
"Бул чыгарманын сөзү, обону өзүмө таандык. Бир туугандарым жөнүндө чыгарма жазып, алардын кичинекей кезиндеги кылыктарын клипке тартуу тууралуу көп ойлонгом. Ошол оюм ишке ашып, клипке ата-энем, бир туугандарым жана алардын балдары тартылды. Мисалы, бир тууган эжемдин, карындашымдын кичинекей кездерин өздөрүнүн кыздары ойноп беришти. Менин бала чагымды бир тууган байкемдин уулу, ал эми байкемдин бала кезиндеги образды жакындарыбыздын баласы жаратты. Клиптеги сюжеттер биздин үй-бүлөдө болгон окуялар. Мен ушундай клип тартам дегенде чет өлкөдө жашаган бир туугандарым үй-бүлөсү, бала-бакырасы менен кошо келишти. Чыгармаларымдын ичинен эң баалуусу ушул клип болду", - дейт ырчы.
7-НОЯБРДАН 14-НОЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Арсендин "Арнадым сага" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.
9-орун - Эдил Маматовдун аткаруусундагы "Кайда?" клибине буюрган.
8-орунда - Жийдеш Идирисованын "Наринай" видеокомпозициясы жайгашкан.
7-орунду - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" клиби камсыздаган.
6-орун - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы ээлеген.
5-орунда - 60`K тобунун "Мерез жүрөк" видеоклиби 2 баскычка төмөндөгөн.
4-орунду - Мажиттин аткаруусундагы "Адашпа" чыгармасы камсыздаган.
3-орун - Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Бакытымсың" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Добрдын "Бир айым" клибине буюрган.
1-орун - Мирбек Атабековдун "Жалынам" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.