Орусиялык ырчы Дима Билан Эмгек сиңирген артисти наамын алат

Орусиянын президенти Владимир Путин ырчы Дима Биландын маданиятка кошкон салымы үчүн Эмгек сиңирген артисти наамын ыйгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыкты.

Президенттин буйругу расмий сайтка жарыяланып, анда "маданияттын, искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы жана бир канча жылдан бери сахнадан түшпөй келе жаткандыгы үчүн ырчы Дима Биланга "Орусия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти" наамы тапшырылат" деген.

Дима Билан 2006-жылы "Евровидение" ыр сынагына катышкан, ал эми 2008-жылы ушул эле сынакка катышып биринчи орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mamiev
2018-11-14 18:27:59
Ала турган убагы келди да качанкы Дима. Бизде ырдап чыкканына эки үч жыл болбой эмгек синирип коюшат го.
+7
jugorsk
2018-11-14 19:28:32
Бизде сиңбей туруп эле сиңдирип койушат
+7
Busi06
2018-11-14 19:46:51
Жакында Жаны биздин Маданият министрибиз айтты го мага наам сурап келбей сунуш айтып келгиле деп, буга чейин Эмгек синирген деген наам алган жаш ырчылар деле ошентип барып жалдырап атып алыптыр да значит, Мисалы Мирбек Атабеков чыкканына 10жыл бол а Дима Биланга 20жылдай болду кимиси 1чи алды ошондо, бул жагы просто аллергия болдуго
+3
bond02
2018-11-14 23:19:02
Наамды синген жерге бер да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан