Америкалык белгилү актёр Уилл Смит менен Жада Пинкетт-Смиттин 20 жаштагы уулу Жейден Смит рэпер менен мамиле куруп жүргөнүн айтты. Ал мындай билдирүүсүн Tyler, The Creator (Тайлер Грегори Оконма) деген рэпердин концертинде жасаган.
Маалым болгондой, Tyler, The Creator`дун жеке концертине Жейден Смит барган. Концерт учурунда ал сахнага чыгып рэпердин сүйүктүүсү экенин маалымдаган.
"Tyler менин дүйнөдөгү эң жакын досум, мен аны сүйөм. Дагы бир нерсени айтып кетишим керек. Анткени Tyler бул нерсени айтууга азыр эрте деп билет. Tyler менин жигитим", - деген ал. Бул учурда залда отурган рэп аткаруучу башын чайкап гана тим болгон.
Концерттен кийин Жейден Смит сахнадан айткандарын дагы бир ирет далилдеп, социалдык тармактагы жеке баракчасына рэперди сүйүктүүм деп жазган. Анын мындай билдирүүсүнө Tyler "акылынан адашкан негр" деген жообун жазган.
Бул билдирүүдөн кийин коомдо ар кандай пикирлер жаралган. Айрымдары Жейден Смиттин айткандарына ишенбей: "Мунун баары атайын уюштурулган тамаша го. "Жылдыздар" өздөрү тууралуу дайыма сөз болуп турганын жактырышат эмеспи", "Мен Жейден Смитке ишенбейм", "Мунун баары калп эле уюштурулган шоу экени көрүнүп турат" деген билдирүүлөрүн калтырган.
Белгилей кетсек, Жейден Смит кыздардын кийимдерин, тагыраагы, юбка, көйнөк кийип жүрөт. Бирок ал эркектер менен эмес, кыздар менен мамиле куруп жүргөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Ал эми рэп ырчысы Tyler 2004-жылы бир чыгармасында "мен ак терилүү балдар менен өбүшкөм" деген ыр саптарын айткан. Бирок гомосексуал экенин ачыктаган эмес.