
"Так талашуу оюндары" тасмасынын финалдык сезону качан жарык көрөрү белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, тасманын финалдык сезонун тартуу көп убакытты талап кылган. Тасманын Твиттердеги расмий баракчасында финалдык тизери жарыяланган. Тизер мурунку сезондордон алынган кадрлардан эле турат. Муну менен бирге эле тасма 2019-жылдын апрель айынан тартып көрсөтүлө башталары айтылган.
Сегизинчи сезондун расмий трейлери качан жарык көрөрү азырынча белгисиз.