SUPER TV'нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги коноктору - "тамашоучу" Мурат Жалиев жана ырчы Клара Алибекова. Алар өткөн аптада ырчы Асел Кадырбекова калтырган тапшырманын негизинде борбордогу "Ош базарында" жер-жемиш сатып, өздөрүн сатуучу катары сынап көрүштү.
Буга чейин соода тармагында тажрыйбасы болбогонун айткан Клара Алибековага базардагы сатуучулардын бири жардам берип жатканына карабастан, "тамашоучуга" салыштырмалуу бир топ эле аз каражат тапты. Ал эми Мурат Жалиев жолдон өтүп бара жаткандардын көбүн токтотуп, жер-жемиштерин сатууга аракет кылып жатты.
Бири-бирине атаандаша иштеген атактуулар өздөрүнө берилген тапшырманы канчалык деңгээлде аткара алышканын көрүү үчүн төмөнкү видеоматериалга назар салыңыз.