Байлык менен жокчулукту көрсөткөн "Такебай" тасмасы жарык көрдү

Бүгүн, 14-ноябрда Бакыт Осмонкановдун режиссёрлугу астында тартылган "Такебай" тасмасынын ачылышы "Манас" кинотеатрында болуп өттү.

Тасмада Аскат Сулайманов, Марат Амираев, Асем Токтобекова, Альбина Имашева, Кубаныч Курманбеков жана башкалар роль жаратышкан.

Осмонкановдун айтымында, тасмада бай адам менен кедей адамдын жашоосу чагылдырылган. "Фильмде колунда жок жана бардар эки үй-бүлөнүн жашоосу бири-бириники менен сыйкырдуу жол аркылуу алмашып калат. Ошентип башына түшкөн сыноону ким кандай көтөрөрү чагылдырылат. Тасма аркылуу байлык акча же бийликте эмес, жашоонун маңызы руханий баалуулуктарда экенин бергибиз келди", - дейт ал.

Бай менен кедейдин жашоосун чагылдырган "Такебай" кинокомедиясы элге тартууланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан