Бишкекте 15 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип жаткан №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дарыгерге карата чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.
Бишкек шаарынын 15 жаштагы тургуну ушул жылдын август айында №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ийне сайылгандан кийин каза болуп калган. Ал невропатологдо дарылоодон өтүп жаткан. Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын тактап баштаган. Дарыгерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси “медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбоосу) менен кылмыш иши козголгон.