Анда бөлкө 20 тыйын, троллейбус акысыз, кола ичкендер "кыйын" болчу...Белгилүүлөр студенттик күндөрүн эстегенде

Студенттердин эл аралык күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында Студенттердин дүйнөлүк Конгрессинде бекитилген. Ошондон тартып дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө бул күн студенттер арасында белгиленип келет.

Көптөр жаштыктын кызыктуу, түрдүү боёк менен коштолгон күндөрү дал ушул студенттик күндөрдө өткөнүн айтып келишет. SUPER.KG порталы бир катар белгилүү адамдардан күлгүн курагын эске салган суроолорго жооп алды.

Музыкант, куудул, Кубик Калыков: "Сүйүү тууралуу кино болгондо кинотеатрга боюмдун кичинекейлигинен киргизбей коюшкан"

Агайым жана курсташым мененБилими: Жалал-Абад шаарындагы маданият техникуму,

Студенттик жылдары: 1980-1983-жылдар,

Анда бир бөлкө 20 тыйын,

Жол кире троллейбуска шаар ичине 5 тыйын болчу.

Эсимде...

- Ошол студенттик күндөрдө кинотеатрга сүйүү тууралуу тасма коюла турган болуп калды. Курсташтардын баары билет алып кыздар менен кире башташты. Боюм кичинекей эле "сен студент эмессиң, кинотеатрга 16 жаштан жогоркулар кирет" деп сыртта билет алып отурган аял киргизбей койду. Студенттик билетимди унутуп койгондуктан курсташтарым чыкканча сыртта күтүп отургам.

Абдан мыкты эс алууларды уюштурчубуз. "Бони М", "АББА", "Модерн Токинг" деген топтордун ырлары хит эле, ошол ырларга аябай бийлечүбүз эх, кандай сонун мезгил...

Азыркы студенттерден байкаган өзгөрүүлөр:

- Биздин убакта акча берип сессияларды бүтүрүү деген жок болчу. Азыркы студенттердин көпчүлүгү акча менен эле студент болуп жүргөндөй сезилет. Чынында окушабы, окушпайбы билбейм.

Кубик Калыков 2010-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атында Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун "Социалдык маданий ишмердиги" боюнча адистикке ээ болгон.

Диктор Чынара Капарова: "Кока-Кола ичкен студентти "кыйын" экен дечүбүз"

Билими: Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Журналистика факультети,

Студенттик жылдары:1994-1999-жылдар.

Анда жол кире троллейбуста студенттик билети барларга акысыз болчу.

Эсимде...

- Студенттик кез абдан кызыктуу өттү. Бул бир тарабы жалаң активист студенттердин бир курска топтолгонунан деп ойлоп коём. Азыркы аты чыккан журналисттер - Кайрат Иманалиев, Гүлмира Уметалиева, Эрнис Кыязов, Шайырбек Абдырахманов, Элнура Кулуева дегеле кыргыз элине төбөсү көрүнгөн журналисттер чогуу окуганбыз.

3-курс болуп калгандагы бир окуя эстен кетпейт. Ал кезде мен телевидениеде иштейм, телевидениенин аз да болсо жүзү болуп калган элем. Мындан улам бизге митингдерге чыгууга тыюу салынган.

Ошол жылдары студенттердин жол киреси кымбаттап кетти. Бирок бул маселе көз жаздымда калып жатканда Чыныбек Бапатегин, Гүлмира Уметалиева деген курсташтарыбыз баш болгон студенттер ректораттын каршылыгына карабастан ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагуловдун кабыл алуусуна чейин киришкен. Ошентип жалпы студенттердин бул көйгөйүнүн чечилишине өбөлгө түзүштү. Андан кийин бизди митингчи студенттер деп билип калышкан.

Студенттик күндөрдө кока-кола жаңы чыккан эле, кола ичүү мода болуп, ким аны ичсе "кыйын" деп билчүбүз. Ошондой доорлор өттү. Студенттик күндү дайыма жатаканадагы бөлмөгө дасторкон даярдап алып белгилечүбүз.

Азыркы студенттердеги айырмачылык

- Биздин кезде студенттерди айыл-чарба жумуштарына тартышчу. Жамааттык иштер студенттерди ынтымакка, биримдикке жетелеген саамалык болчу. Ошол эле учурда билим алуу жаатында атаандаштык жаралчу. Азыр болсо көпчүлүгү келишимдик баа менен окуп калышты. Акча төлөп окуган студенттер окууга эмес, көбүрөөк акча табууга басым жасап калышты. Мындан улам билим алуу тарабы азыраак аксап жатат деп ойлойм.

Ырчы Замир Арыкбаев: "Окуу жайда активист болчумун"

Билими: Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктап,

Улуттук Консерваториянын фольклор бөлүмүнө тапшырган.

Студенттик жылдары: 1998-2005-жылдар

Анда троллейбуста жүрүү студенттик билет менен акысыз,

Нан (лепёшка) 2-3 сом, бир порция лагман 10 сом болчу.

Эсимде...

- Студенттик күндөрүмдө маданий иш-чараларга активдүү катышчумун. "Бишкек жазы" аттуу жогорку окуу жайлар арасында фестиваль өтчү. Аларга калтырбай катышып, активист болчумун. Университеттин атынан концерт да уюштура берчү элек. Айтор, ал күндөр көптөгөн кызыктуу окуялар коштогон жашоонун жалындуу учуру катары эсимде калды.

Азыркы студенттердеги айырмачылык

- Азыркы студенттерди өздөрүн-өздөрү камсыздаган жагынан алдан канча тырышчаак деп билем. Анткени көпчүлүгү өз чыгымдарын өздөрү табат. Биз студент кезде мындай көрүнүштөр чанда гана болчу.

Актриса Албина Имашова: "2-курсуман баштап иштей баштагам"

Билими: Бүбүсара Бейшеналиева атында Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун Драма жана кино актёру багыты,

Студенттик жылдары: 2000-2005-жылдар,

Анда троллейбус 1 сом болчу, студенттин жүргүнчү билетин 90 сомго сатып алганда жыл бою акысыз,

1 нан (лепёшка) 2 сом 50 тыйын болчу.

Азыркы студенттердеги айырмачылык

- Азыркы студенттердин биздей болуп ачка калганын көрө элекмин. Мен өзүм да жогорку окуу жайында мугалим болуп иштеп студенттердин азыркы шартын жакшы баамдап жатам. Сөзсүз түрдө түшкү тамактанууга барышат же дүкөндөн жегенге бир нерсе алышат. Мурда биздин убакта студенттердин иштегенин көп кезиктирчү эмеспиз, бирок мен өзүм 2-курстан тартып эле театрда иштей баштагам. Ошондо деле азыркы студенттердей жүрө албайт болчумун.

Азыр студенттердин негизги бөлүгү окуудан тышкары иштешет, кадимкидей эле акча табышат.

Ырчы Аскат Мусабеков: "Жол киреге акча жок болсо айдоочуларга жарамазан айтып берчүбүз"Студенттик кез. Устатым Улукмырза Полотов менен

Билими: Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы студия, кийин Улуттук консерваториянын Салттык музыка жана фольклор кафедрасынын элдик ырдоо бөлүмү,

Студенттик жылдары: 2003-2010-жылдар,

Анда троллейбуска жол кире 3 сом, студенттик билет менен 1 сом, маршруттук такси 5 сом,

Нандын баасы 5 сом болчу.

Эсимде...

- Адегенде филармониянын алдындагы 2 жылдык студиядан билип алдым. Кийин Консерваторияга келгенде 5 жыл бою жатаканада көптөгөн таланттуу жигиттер, агалар менен жашадым. Чыгармачыл адамдардын арасында жашаган күндөрүң кызыктуу окуяларга бай болот. Биз Орозо айында жарамазан айтып үйлөрдү кыдырып кетчүбүз. Бул студент үчүн жакшы да. Троллейбуска түшкөндө акча жок болуп калса, айдоочуга жарамазан айтып, ырдап бекер түшүп кеткен күндөр болгон.

Азыркы студенттерден байкаган айырмачылык

- Азыркы студенттерди биздин кездеги студенттердей кабыл ала албайм. Алардын баскан-турганы, кийингени айрым учурда мугалимдеринен ашат. Он жыл мурунку студенттер менен азыркы студенттер көп жагынан айырмаланат, азыр интернет кенен жайылды, аларга окуу оңоюраак.

Ырчы, актриса Гүлнур Асанова: "Мугалимге калпым чыгып уялгам"

Билими: Улуттук Консерваториянын Салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын Элдик ырдоо бөлүмү,

Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Улуттук экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу бөлүмү,

Студенттик жылдары: 2007-2014-жылдар,

Анда жол кире акысы - маршруттук такси 5 сом, троллейбус 3 сом, студенттик билет менен 1 сом,

Нан 5 сом болчу.

Эсимде...

"Консерваторияда бир сабактан зеригип кетчүмүн , ошол сабакка келбей качып жүргөм. Бир күнү мугалим алдыман чыгып калып "эмнеге келбедиң?" десе, ооруп жатам деп үнүмдү кырылдатып актриса болуп койсом, "айыгып сабакты калтырба" деп кеткен. Анан эле ошол күнү чоң концерт болуп калды.

Мен жандуу үн менен комузду колго алып созуп ырдап чыгып кеткем. Эртеси сабакка катышкым келбей суранып кетейин деп келсем "сен калп айтпа, кечээ заңкылдап ырдап чыктың сахнага, эми сенин калпың өтпөйт, мен концертте көрүүчү болчумун" десе уялганымдан эмне дээримди билбей кечирим сурагам. (ред. күлүп)

- Анан дагы "Дордой" базары жактан маршруттук такси менен сабакка келчүмүн, ортодон эки маршруттук таксини которуп жатып окуу жайга жетчү элем. Биринчи маршруттук таксиден кийинкисине отуруу үчүн да далай жерди жөө басам. Кышында кыйналганымдан ыза болуп жүрдүм. Ошентип бир жыл өткөндөн кийин бир эле маршруттук такси үйгө чейин барарын билгем. Азыркыга чейин ошол күндөрдү эстей берем.

Азыркы студенттерден көргөн айырмачылык

- Азыркы студенттер стипендияны бизге окшоп айлап күтпөйт да, кенен жүрүшөт. Керек болсо кээ бирлери машинасы менен окууга барат. Интернеттен экзамендеги суроолорго оңой эле жооп табышат. Биз ал учурда "кирпич" уюлдук телефондорду көтөрсөк интернет кайдан? Студенттин өз алдынча ишин, рефераттарды жазуу үчүн интернет клубга барып компьютерге кезек күтчүбүз. Азыркы студенттердин билим алуусу жеңил.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Boha1
2018-11-17 18:21:46
Кубиктин сол жагындагы курсташыбы? Анын жанында Кубик 4-класс баладай го.
+3
KG.Kushtarbek
2018-11-17 18:38:25
Бизге окшоп кочодо жургондордун майрамы Качан екен Аа
0
sumaika
2018-11-17 18:55:58
Кызыл байпак кантет)))
+3
tina-Tin
2018-11-17 21:03:59
Кубик ушундай кичине болгонбу
+5
Yago.limon
2018-11-17 22:03:04
Студенттер учун Университеттин буфетиндеги пирожки эээээч озгорулбой,ордун башкага бербес тамак болсо керек, эээ)))))

Майрамдар мн студенты:)
+4
bond02
2018-11-18 00:39:39
Оо биздин убакта нан 5сом, маршрутка 4сом, квартирага 250сом берип жашачумун. Эхх жаштык.
+1
shahlet
2018-11-18 00:41:40
Супер депутаттардан интервью албапсынарда, алар студент болгон экенби?


+4
aidinaernur
2018-11-18 00:48:40
Пирожки 1 сом кофе 1 сом
Эки пирожки бир кофеге курсак тоюп , ашказандар ыраазы болот эле.
+1
Haanykeeim
2018-11-18 12:22:16
Гүлнур колдонгон телефону кирпич десе,менин да биринчи колдонгон телефонум эске келди.
+1
Muratmipa
2018-11-19 02:23:22
Лагман 10 сом эмес болчу 25 сом десен калп айтпа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан