Бишкек-Ош жолунда газ ташыган унаанын баллону жарылып, унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 15-ноябрда саат 12:35 чамасында катталган. Анда Рено унаасынын баллону жарылып, унаа жолдун оң тарабына жыгылып өрттөнүп кеткен. Ал эми айдоочу унаадан секирип кетүүгө үлгүргөн. Газ ташыган машина өрт өчүрүүчүлөр келгиче күйүп бүтүп калган жана айдоочу жаракат алган эмес.