ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: Окуучу кезинде дүкөндөрдөн косметикалык каражаттарды, аксессуарларды уурдаган канадалык актриса Рэйчел Макадамс 40 жашка толду

Бүгүн, 17-ноябрда "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы аялдын мыкты ролу" наамынын ээси, канадалык актриса Рэйчел Макадамс 40 жашка толду. Ал "Жаман кыздар", "Эс-тутумдун күндөлүгү", "Кутман таң", "Чакырылбаган коноктор", "Шерлок Холмс" жана башка тасмалардагы ролу менен атактуулукка жеткен.

Толук аты-жөнү Рэйчел Энн Макадамс 1978-жылы Канададагы Лондон шаарында төрөлгөн. Болочоктогу актриса 3 жашынан тарта спорт мектебинде окуп, коньки тебүүнү жакшы өздөштүрөт. Ата-энеси келечекте белгилүү фигурист болот деп чоң үмүт кылган. Бирок 12 жашында Рэйчел каникул учурунда жайкы лагерге барып, каалоочулар арасында уюштурулган спектаклге катышып актрисалык таланты ачылат. Анын бул ийгилиги театрдык фестивалда аймактык премияга татыган. Мектептеги окуусун аяктаганга чейин театрдагы ийримге барып, Йорк университетине кыйынчылыксыз тапшырат. Жогорку окуу жайды артыкчылык менен аяктаган Макадамс Лос-Анжелеске келип кыска метраждуу тасмаларда эпизоддук ролдорду жарата баштайт.

«Жаман кыздар» тасмасы чоң ийгилик жаратып, көп киреше алып келген.

2004-жылы "Жаман кыздар" тасмасында башкы каармандын ролуна чакырылып, Голливуддагы режиссёрлордун көзүнө илинет. Режиссёрлор Рэйчел Макадамсты "тасма талаасына келген жаңы Жулия Робертс" дешкен.

2004-жылы актриса «Эс-тутумдун күндөлүгү» тасмасында роль жаратып, киносынчылардын, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыган.

2006-жылы Рэйчел карьерасында тыныгуу жарыялап, 1 жарым жылга чукул эс алууда жүргөн. Тыныгуудан кайтып келген актриса "Чукул бурулуш" тасмасына белгилүү актёр, продюсер, сценарист Тим Роббинс, актриса Молли Хэйген менен чогуу тартылат. Тасма тартылып бүтө электе Рэйчел Макадамс "Шерлок Холмс" тасмасындагы башкы каармандын ролуна чакырылат.

Рэйчел Макадамс карьерасындагы дагы бир секирикти Вуди Аллендин «Париждеги түн» тасмасында жараткан.

2012-жылы белгилүү актёр Ченнинг Татум менен "Ант" тасмасына тартылат. Андан соң "Сыйкырга карай", "Ышкыбоз", "Келечектеги жигитим" тасмаларына тартылып, бул тасмалар кинофестивалдарда байгелүү орундарга татыган.

Актриса катышкан тасмалардын баары эле ийгилик жарата алган эмес. Мисалы “Алоха” аталышындагы тасма киносынчылардын сынына кабылып, өзүн актабай калган.

Жеке жашоодо

Киножылдыздар 2 жылдан кийин таарынышып кетет. 1 жылдан кийин мамилесин калыбына келтирүүгө аракет кылганы менен жыйынтык болгон эмес.

Рэйчел Макадамс "Эс-тутумдун күндөлүгү" тасмасындагы өнөктөшү Райан Гослинг менен мамиле курган.

Актриса актёр Майкл Шин менен

2009-жылы Макадамс актёр Жош Лукас менен мамиле курууга аракет кылат. Бирок бир нече айдан кийин кыз-жигит кайчылаш жолго түшкөн. 2010-жылы "Париждеги түн" тасмасына тартылуу учурунда өнөктөшү Майкл Шин экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанат. Бирок бул мамиле дагы түбөлүк болбой 3 жылга гана созулат.

Папараццичилердин кылтагына илинген актриса уулу менен

2016-жылы Макадамс жазуучу Жейми Линден менен сүйүү романын куруп жүргөнү жергиликтүү маалымат булактарына жарыяланат. Мамилесин ачыктагысы келбеген актриса 2018-жылы уулдуу болгону маалым.

Актриса тууралуу кызыктуу фактылар:

Мектепте окуп жүргөн кезинде дүкөндөрдөн косметикалык каражаттарды, аксессуарларды уурдаган. Актриса бул кадамга ата-энеси ашыкча акча бербегенден улам барган;

Актриса иттен аябай коркот. Анткени кичине кезинде кошунасынын ити бутун тиштеп алып, узак убакыт ооруканада жатып дарыланган. Ал эми бутундагы тактар бой жеткенде гана кеткен;

Такыр эт жебейт, таң заарда туруп алып йога менен алектенет;

Социалдык тармактагы эң актуалдуу баракчалардын бири Инстаграмга катталган эмес. Рэйчел Макадамстын атындагы баракчалар анын күйөрмандары тарабынан ачылган;

"Шерлок Холмс" тасмасындагы тыңчы Бонддун сүйлөшкөн кызынын ролуна чакырылган. Бирок кастинг учурунда Дэниел Крейг (тыңчы Бонд) актрисага жакпай калган. Макадамстын айтымында, Дэниел Крейг калп эле калемин түшүрүп алган болуп, анын юбкасынын алдына көз салган деген. Мындан улам киножаратуучулар актрисаны тасмага тартуудан баш тарткан;

Эмоциялуу, мүнөзү чорт болгондуктан көпчүлүк актёр, актрисалар, режиссёрлор "тополоңчу" деп аташат. Ал бул мүнөзүнүн айынан бир катар белгилүү тасмаларга тартылбай калган;

"Фантастикалык төрттүк" блокбастеринде Сью Стормдун ролуна чакырылып, бирок денесине жабышкан форманы кийгиси келбей бул ролдон баш тарткан.

17-ноябрга карата жылнаама.

Канадалык актриса Рэйчел Макадамстын Инстаграмдагы расмий баракчасы дале жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zaina
2018-11-17 05:39:41
Британиялык актриса болуп айтылат эгер Лондондо торолсо!
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2018-11-17 16:30:01
Мага жагат ушу актриса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан