Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти кароону улантты. Соттук отурумда Улан Саляновдун жубайы Лариса Салянова жана уулу Абай Улан уулу көрсөтмө беришти.
Суракта Лариса Салянова 2017-жылдын 5-ноябрында орун алган окуя тууралуу айтып берди.
"Ал күнү биз кеч жатканбыз. Түндө намаз окуп жатканда Абайдын үнүн угуп эшикти ачкам. Бардыгы абдан бат болуп кетти. Ок атылып, бир нече киши үйдөн качып чыкты. Күйөөм болсо жерге жатып калды. Мен дароо милицияга жана туугандарыма чалып баштадым. Улуу балам биринчи келип, Уланды "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып кетти. 2 жолу ок атылган болчу, бирок алар үйдөн эч нерсени алып кеткен жок", - деди Лариса Салянова.
Абай Улан уулу да билген маалыматтары менен бөлүштү. "Мен бөлмөмдө отуруп, атамдын үнүн угуп калдым. Эшикти ачканымда кылмышкерлердин бири менин башыма тапанчаны такап жерге жатуумду талап кылды. Алардын баары беткапчан болчу. Бири атамдан акча сурап жатты. Атам ал менен сүйлөшүү аракетин көрүп жатса, кылмышкерлер уккан жок. Бир маалда ок атылды. Мен терезеден секирип чыгып, кошунанын үйүнө бардым. Ал менен чогуу милиция жана "Тез жардамга" чалып жаттык, бирок эч ким жооп берген жок", - деди.
Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган.
Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкекте болсо, калган экөө Орусияда абакта кармалууда.