Калифорния штатындагы өрттөн 60 киши өлүп, 130 адамдын дайыны билинбей жатат

АКШнын Калифорния штатында уланып жаткан өрт жалпысынан 60 кишинин өмүрүн алды. Дагы 130 адамдын дайыны билинбей жатканын чет элдик ЖМКлар жазууда.

Маалым болгондой, бир жума мурун башталган тилсиз жоо өтө тездик менен жайылып, калктуу аймакты каптаган. 300 миңден ашуун адам эвакуацияланып, алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Тилсиз жоо 6 миңден ашык турак жайды жараксыз абалга келтирди. Арасында белгилүү кино жана музыкалык студиялар, атактуу артисттердин үйлөрү да бар.

Өрт жалмаган аймактын жалпы аянты 55 миң гектарга жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги басаңдаган шамалдын ылдамдыгынан пайдаланып өрттүн үчтөн бирин өчүрүүгө жетишкен. Бирок негизги бөлүгү техниканын жете албай турган жерлеринде болгону үчүн өчүрүү мүмкүн болбой жатканы айтылды.

Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, дайынсыз болуп жаткандарды 700гө жакын адам жана атайын үйрөтүлгөн 22 ит издеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан