12-14-июль күндөрү Нарын шаарында волейбол боюнча ардагерлер арасында Республикалык мелдеш өтөт. Бул спорттук иш-чара Эмгек сиңирген машыктыруучу Насридин Турсунбаевдин жаркын элесине арналат. Мелдешке 45 жаштан жогорку оюнчулар катышат. Эске салсак, өткөн жылы Баткен облусунун ардагерлер командасы финалда Чүй облусунун ардагерлери менен беттешип, жеңишке жетишкен. Маалыматка ылайык, аталган мелдеш КРнын Волейбол федерациясынын, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жана Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.