Бишкекте батирге кирип алтын жана акча уурдап кеткен жарандар кармалды. Жабырлануучу 230 миң сом зыян тарткан

Бишкекте батирлерди тоноп жүргөн деп шектелип 3 адам кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы таратты. Белгилүү болгондой, 31-октябрда Бишкек шаарынын тургуну Октябрь РИИБине арыз менен кайрылып, анда батирин белгисиз жарандар ачып кирип, 35 миң сом жана алтын зер буюмдарын алып кеткенин жазган. Арыз ээсине келтирилген жалпы чыгым 230 миң сомдун айланасында болгон.

"Уурулар ачкыч тандоо жолу менен киришкен. 35 миң сом менен катар эки алтын шакек, чынжырча жана асыл таштуу 1 шакек уурдалган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Издөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектелип, 1980-жылы туулган Б.В., 1990-жылы туулган С.А. жана 1977-жылы туулган Т.П. кармалган. Аларды тинтүү учурунда жанынан 5 уюлдук телефон, кол каптар жана ачкыч ордуна колдонулган аспап табылган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баш коргоо чарасы каралган соң 2 айга камакка алынышты. Учурда Октябрь РИИБинин Тергөө кызматы бул боюнча иш алып барып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан