Американын "Time" журналы узап бараткан жылдын эң мыкты тасмаларын аныктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Мыкты тасмалардын сап башында мексикалык режиссёр, сценарист Альфонсо Куарондун "Рома" тасмасы жайгашкан. Аталган тасма ак-кара түстө тартылып, бай үй-бүлөнүн, андагы жумушчулардын окуяларын баяндайт.
Ал эми тизмедеги экинчи орунду "Менин кошунам болосуңбу?" документалдуу тасмасы камсыздаган. Тасма америкалык музыкант, педагог, алып баруучу Фред Роджерс тууралуу тартылган.
Кийинки ТОП 3төн Пол Шредер режиссёрлук кылган "Чиркөөдө иштеген поптун күндөлүгү" тасмасы орун алган. Ошондой эле алдыңкы ондуктун катарына "8-класс" ("Восьмой класс"), "Фаворитка", "Мени кечире аласыңарбы?" ("Сможете ли вы меня простить?"), "Жылдыз төрөлдү" ("Звезда родилась"), "Эгерде Бил-стрит сүйлөп баштаганда" ("Если Бил-стрит могла бы заговорить"), "Богемдик рапсоджия" ("Богемская рапсодия") жана "Паддингтондун окуялары-2" ("Приключения Паддингтона-2") тасмалары кирген.