Эркин күрөш боюнча спортчу Самат Надырбек уулу Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада жеңишти карай бара жатат. 55 килограмм салмакка чейинкилер арасындагы Самат Надырбек уулу чүчү кулак аркылуу болжолдуу беттештен өтүп, 2-айлампада түркмөн спортчусу Сапармурат Мурадовду жеңген. Эми кыргыз спортчусу жарым финалга чыгуу үчүн казакстандык Берхад Примбаев менен беттешет. Мындан сырткары 66 килограмм салмакка чейинкилер арасындагы кармашта кыргыз спортчусу Улукман Маматов ирандык балбан Камарванд Масурду 3:1 эсебинде жеңди. Эми ал чейрек финалга чыгуу үчүн АКШлык спортчу Жеймс Грин менен күч сынашат.