Буга чейин Орусияда Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү номурдагы Toyota унаасы каршылаш тилкеде келаткан жеңил унаа менен сүзүшүп, эки адам каза болгону боюнча видео интернетке тараган.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги алдын ала алынган маалыматтарга таянып, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок экенин кабарлады. Ал эми учурда Toyota унаасы кимге таандык экендигин тактоо аракетин көрүүдө.
Кырсыкты видеого тартып жаткан адам эки унаан Ленинск-Кузнецкий жолунда сүзүшө кеткенин айтып, кырсыктан каза болгон адамдардын жакындарын табуу керектигин айткан.