Дүйнөлүк Универсиадада жеңишке жеткен спортчулар 11-июлда Бишкекке кайтып келишти. Бел боо күрөшү боюнча 100 килограммдык салмактагылар арасында Нурбек Аканов, 82 килограммдык салмактагылар арасында Нурбек Кожобеков алтын медаль утушса, Канимет Барпыбеков менен Бекболсун Кушубаков коло медалга ээ болушкан. Ошондой эле бел боо күрөшүнүн классика түрү боюнча Нуржан Рыскул уулу, Кадыр Келсинбеков, Дуулатбек Сапарбек уулу коло медаль тагынышкан. Кыргыздын желегин чет жерде желбиреткен спортчуларды Бишкектеги “Манас” аэропортунан спортчулардын жакындары, журналисттер, алардын Универсиадага катышуусуна көмөк көрсөткөн “Замандаш” партиясынын жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү тосуп алышты.