Ырчы Айдана Дека болочок кайненесинен белек алды

Жаш ырчы, бийчи Айдана Дека өзүнүн күйөрмандарына репертуарындагы ырларын тартуулап, тушоо кесүү концертин өткөрдү. Концерттин дээрлик жарым бөлүгү бий менен коштолду.

Концерттин өткөн жери: Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу

Убактысы: 16-ноябрь саат 18:00 (1 саат кечигип башталды)

Алып баруучулар: "Эл эмне дейт?" долбоорунун жигиттери - Актан Рыскелдиев, Радик Эшимов, Мыктыбек Мукаев, Чыңгыз Султанов

Концертке келгендер: Залдын 90 пайызы

Мыкты номер: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен Айдана Деканын аткаруусундагы "Кыздын сыры", Аваз Акимов менен биргеликте аткарган "Жаным" чыгармалары

Келген коноктор: ырчы Нурболат Абдулин (Казакстан), EQ тобу (Казакстан), Ziruza Kesh (Казакстан)

Бийчилер: "Береке", " Show dance" жана Айдана Деканын окуучуларынан түзүлгөн "Deka dance" бий топтору

Чыгармачыл кечени Айдана Деканын бийчилери поппури бийи менен ачып беришти. Андан кийин Казакстандан келген Нурболат Абдулин репертуарындагы ырларынан аткарып берди. Ырчы мырза харизмасы, артисттик чеберчилиги менен тез эле күйөрман топтой алды.

Андан кийин Голливуд жылдыздарын эске салган бийи менен сахнага чыккан Айдана Дека бийчилери менен бий тартуулады. Аны улай Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен "Кыздын сыры" чыгармасын аткарды. Ошондой эле Аваз Акимовдун апасы, тагыраагы, Айдананын болочоктогу кайненеси сахнага чыгып, ага белегин берип, жүзүнөн өптү.

Концерттин жүрүшүндө К-Pop стилиндеги ыр-бийлер орун алды. Казакстандан келген EQ тобу учурдагы жаштардын табитине төп келген чыгармаларын сунушту. Ал эми алып баруучулук тизгинди аркалаган "Эл эмне дейт?" долбоорунун жигиттери куйкум сөздөрү, тамашалары менен залда отургандарды алакан чаптырып, үшүгөнүн унуттурушту.

Кайрадан сахнага чыккан Айдана Дека: "Бакытым" деген чыгармамды эң жакшы адам Аваз Акимовго арнап аткарып берейин. Бул чыгарманы Аваз мага жазып берген", - деп бир шиңгил таштады.

Келген коноктордун бири Ziruza Kesh Айдана Деканы тушоо кесүү концерти менен куттуктап, сый иретинде популярдуу ырларынан аткарып, залдагы жаштардын жарпын жазды.

Айдана Деканын бир тууган агасы Канат Деркембаев сахнага чыкты. Ал карындашын сахнага чакырып, жүрөк элжиреткен сөздөрүн арнады. Андан кийин бир туугандар апасына арнап "Энекем" аталышындагы чыгарманы дуэт аткарышты. Буга чейин Канат мырза ырчы катары чыккан. Бирок чыгармачылыгын токтотуп, сахнадан алыстап кеткен.

Чыгармачыл кеченин кульминациясы Аваз Акимовдун сахнадан "Айдана сени сүйөм" деп айтканында болду. Ырчы мырза кучак толо гүлүн сунуп концерттин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Түгөйлөр "Жаным" чыгармасын аткарып дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болушту.

Аваз Акимовдун сахнадагы сөздөрүнөн:

"Айдана сүйгөнүм үчүн кол чабуулар болсун!", "Сахнанын артынан көпчүлүгү "Айданын колун сурайсыңбы?" деп сурашты. Бирок андай сюрприз болбойт. Уюштуруп койсом болмок экен. Сахнага чыгып алып, ыңгайсыз болуп жатам", "Концерт аябай жагып жатат", "Айдана эмес, мен толкунданып, калтырап жатам".

Аваз Акимов сахнадан Айдана Декага сүйүүсүн билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
monster_high_98
2018-11-16 22:29:52
Толик сынчы барган жок бекен?
+8
AIA-TOO
2018-11-16 22:38:59
Ким бул Дека дегенинер озу?.
+7
Dembele84
2018-11-16 23:25:50
AIA-TOO,Тааныбайсынбы?Бул ырчы кыз белгилуу Голивуд жылдызы го...
+19
Tuki110592
2018-11-16 22:40:17
Колун сурашты эми билдинби эбак ойлонсон сонун болмок
-6
Boha1
2018-11-16 23:13:01
Толик сынчы кантип барбай койсун. Жана инстаграмдан Супер Инфонун аккаунту менен прямой эфир кылып аткан Толик сынчы болуш керек.
+5
Aitun
2018-11-16 23:48:56
Элдин баары кутуп атканда колун сурайтго деп
-1
555-777
2018-11-16 23:54:31
Деркембайды Дека кылган западтты туураган ХХХХХ кыз десе
+10
AIA-TOO
2018-11-17 00:55:46
555-777, Бирок эркекче айттын, чындап эле Деркембай чон-атаны Дека кылып тимеле манкуртизмде журотко ХХХХХХ десе.
+15
AIA-TOO
2018-11-17 00:59:46
Азыркы жаштар кыздын колун чөгөлөп отуруп сурашты кайдан үйрөнгөнсүңөр? Апаңарга өмүр бою чөгөлөбөгөн жаныңар кайдагы бир кызга чөгөлөп калдыңар акылы жоктор, жөн эле "Мага турмушка чык" деп серёзный туруп, чыныгы Жентелмен эркектей эле болуп сурай берсеңер не бактылуу болбойсуңарбы?.
+26
Zaina
2018-11-17 05:36:29
AIA-TOO,Америкада ушинтип чоголоп сурашат
-2
Cibek
2018-11-17 01:42:19
Нурболат мурда келди элего мурдале топтосо керек куйорман
+3
Ferdews
2018-11-17 15:26:33
Формалары соонун чыгыптыр ,дагы-дагы чоон ийгиликтерди багындыра бар!
+1
Tyty1990
2018-11-18 13:05:06
Булардын тою да эки ай болсо керек эми
0
Asem89
2018-11-19 00:16:26
/Кезектеги Ырларын Ырдаган Ырчыга Ырчы Аваз/ )))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан