Алайда жол кырсыгынан бир адам каза болду, жаракат алгандардын экөө кичинекей кыздар

Ош-Эркеч-Там унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Дагы үч адам ооруканага жеткирилди. Мындай маалыматты Ош облусу боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы ырастады.

Белгилүү болгондой, кырсык 16-ноябрда Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусун кесип өткөн бөлүктө болгон. Анда ДЭУ Ланос унаасы Мерседес-Бенц менен сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен биринчи унаанын жүргүнчүсү көз жумду. ДЭУ Ланос унаасын 40 жаштагы, Мерседес-Бенцти 30 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктан 4 жана 2 жаштагы кыз, 42 жаштагы аял жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2018-11-18 10:50:43
Кокуууй буктолуп эле калыптыр го каап жайы жаннаттан болсун Алайда бул жерде коптон бери кырсык боло элек эле каап ий
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан