Бишкекте үч унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жол тандабас унаасынын айдоочусу 18 күндөн бери изделүүдө

Бишкек шаарында үч унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жол тандабас унаасынын айдоочусу кармала элек. Аны издөө иштери 18 күндөн бери улантылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Башкармалыктан билдиришкендей, Daihatsu, Hyundai, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаааларды сүзүп, токтобостон окуя болгон жерден качып кеткен Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун издөө иштери улантылууда. Издөө иштеринен натыйжа чыга элек.

Эске салсак, жол кырсыгы 1-ноябрь күнү эртең мененки саат 10:20 чамасында Бишкектеги Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aikaaaa
2018-11-18 13:56:20
Ал эмнеле табылбай атат. Коколоруна тыкчусун тыгып койсо керек, анан табылбай жатат дешип атат да. Эмне дешээрин билбей, ушинтип атып унуткарылат
+1
Bahabrat79
2018-11-19 02:09:32
18 күндүн ичинде көпчүлүк видеобайкоолор өчүп кетет. Ыкчам иликтөө иштерини натыйжалуу жүргүзүү керек болчу. Мен болгондо таап бермекмин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан