"Малика", "Кыз-жигит" аттуу ырлары менен эл оозуна алынган ырчы Мурадил Данияров 17-ноябрда тушоо кесүү концертин өткөрдү. Ырчы мындан 3 ай мурун өзүнүн туулган жери Базар-Коргон районунда элден бата алуу үчүн концерт берген. Эми Бишкек шаарында алгачкы концертин берип жаткан ырчы толкунданып жатканын айтты.
"Чыгармачылыгымды баштаганыма 5 жыл болсо да аябай толкунданып жатам. Түнү-күнү уктабай концерттин өтүшүн ойлонуп жүргөм. Атайын 3 костюм тиктирип, жаңы ырларды жаздырдым", - дейт Данияров.
Көпчүлүктүн кол чабуусунун коштоосунда концерт башталып, Мурадил Данияров сахнага чыгып "Замана", "Сулуулар кайдан жаралат", "Кыз-жигит" ырларын ырдады. Ырчы "Малика" аттуу чыгармасын аткарып, бул анын репертуарындагы эң жемиштүү ыр экенин белгиледи. Кайсы жерге барбаса дагы "Маликаны" суранышарын айтты. Көп кызыктар коштолгон бул концертте Данияров апасына арнаган ырын ырдап, ата-энесинин жанына барды. Ал тарбия берип чоңойткондугу үчүн ата-энесине ыраазычылыгын билдирип, кучак толо гүл берди.
Зал элге 80 пайызга толуп, эки сааттан ашык убакытка созулган концертти ырчы аккордеондун коштоосунда жандуу үн менен ырдап жыйынтыктады. Концерт жөнүндө даярдалган видеорепортаж жакынкы күндөрдө SUPER.KG'нин "Супер ТВ" бөлүмүнө жайгаштырылат.