Орусияда жашаган мекендештер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Кыямат" тасмасын көрсөтүштү

Орусияда жашаган мекендештер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара уюштуруп, "Кыямат" тасмасын көрсөтүштү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова, ырчы Темир Назаров катышкан.

Элчиликтин маалыматына ылайык, тасманы көрсөтүүнү "Орлодуу Ош биримдиги" кыргыз коомдук фонду уюштурган. Кыргыз өлкөсүнүн жети дубанынан барып, Орусияда иштеген мекендештер тасма көрсөтүү тууралуу демилгени көтөрүп чыгышкан. Ага ылайык, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар ар бир облустун өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлүп, кийинки эстафета Жалал-Абад облусунун өкүлдөрүнө өткөрүлгөн.

Иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн жаш активисттери тарабынан ачылган "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2018-11-19 10:55:56
Геройубуз сахнадан тушпой калды го.
0
i1urp
2018-11-19 12:04:45
Айтматовду даназалаш керек. Туу тутушубуз керек. Ар бир чыгармаларын маанисин жаштарга тушундуруш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан