Ысык-Көл облусунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, адам өмүрүн алган жол кырсыгы 17-ноябрь күнү кечки саат 19:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 69-чакырымында орун алган. Анда жолдон өтүп бараткан 1955-жылы туулган М.А. аттуу кишини сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу изин жашырып, кийин милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал Балыкчы шаарынын 29 жаштагы К.Ч. аттуу тургуну экени аныкталган. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.