Өлкө аймагында 1 апта ичинде мас абалда унаа башкарган 234 айдоочу жоопко тартылды

Өлкө аймагында 1 апта аралыгында жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалында унаа башкарып жүргөн 234 айдоочу кармалды. Ар кандай эрежелерди бузган 894 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга токтотулду.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан бүгүн, 19-ноябрда маалымдашкандай, 9-ноябрдан 15-ноябрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында өлкө аймагы боюнча жалпы 16 миң 611 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган.

Мунун ичинен 1 миң 377 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулса, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 33, коопсуздук курун тагынбаганы үчүн 4 миң 236 айдоочу, жол белгилерин сактабагандыгы үчүн 2 миң 549 айдоочу жоопко тартылган. Ошондой эле унаа башкарып баратып уюлдук телефон менен сүйлөшкөн 3 миң 164 айдоочуга айып пул салынган.












РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан