Чүй облусунда эки унаа катышкан кырсыктан 1 адам жабыркап ооруканага жеткирилди

Чүй облусунда эки унаа кагышып, 1 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 18-ноябрда саат 14:00 чамасында Токмок шаарындагы Совет-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Мерседес-Бенц-124 үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Бенц Е220 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1962-жылы туулган Н.Б. аттуу киши жаракат алган. Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ал "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан