Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары батареяга буту кыпчылып калган 5 жаштагы балага жардам беришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү саат 17:03тө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматына маалымат келип түшкөн. Анда борбордогу Сүйүнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 5 жаштагы баланын буту батареяга кыпчылып калганы айтылган.
Окуя болгон жерге барган куткаруу кызматы баланын бутун батареядан чыгарып беришкен.