Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгынан 48 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 18-ноябрда саат 16:00 чамасында Кызыл-Булак айылында болгон.
"Ноокат районунун 50 жаштагы тургуну Р.С. өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Кызыл-Булак айылында келе жатып, карама-каршы багыттагы Дэу Тико үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Ал эми Дэу Тико унаасын 48 жаштагы М.А. айдап бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Дэу Тико унаасынын айдоочусу Кызыл-Кыя шаардык ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Ал эми Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда кырсык боюнча Ноокат РИИБинин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматкери.