Казань шаарында Дүйнөлүк Универсиадада 11-июлдун жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы медалдык эсеп боюнча 16-орундан 17-орунга төмөндөдү. Орусия 135 медаль менен биринчиликти эч кимге бербей келе жатат. Ал эми 2-орунда Түштүк Корея болсо, 3-орунда Япония келе жатат. Кыргызстандын куржунунда 2 алтын, 2 күмүш, 6 коло, жалпы 10 медаль бар. Белгилүү болгондой, бул мелдешке 162 өлкөдөн келген 10 миңге чукул спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандын атынан 98 спортчу спорттун 12 түрү боюнча Универсиадага катышууга барган.