Американын "Forbes" журналы жыл ичинде эң көп киреше тапкан ырчыларды атады. Бул тууралуу журналдын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, биринчи орунду америкалык ырчы Кэти Перри ээлеген. Жыл ичинде ал 83 миллион доллар киреше тапкан. Эскерте кетсек, ырчы былтыркы жылы аталган рейтингде 9-орунда турган.
Ал эми 2-орунду 80 миллион доллар киреше тапкан Тейлор Свифт ээлесе, 3-орунга былтыркы жылы 1-орунду ээлеген Бейонсе өзүнүн 60 миллион кирешеси менен илинген. Ошондой эле аталган рейтингге 52 миллион доллар киреше тапкан Пинк жана 50 миллион доллар тапкан Леди Гага орун алышкан.