Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 4, Ош шаарында 1, Жалал-Абадда 2 өрт кырсыгы катталган.
Бишкектеги Свердлов районуна караштуу Дордой-2 конушунда өрт кырсыгы катталган. Анда Аул-1 көчөсүндө жайгашкан №21-турак жайдын короосунда жайгашкан жалпы аянты 70 чарчы метрди түзгөн сарай жана жыйылган отун күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.