"Ильяздын ыры" чыгармасы казакстандык топтун аткаруусунда жарык көрдү

"Ильяздын ыры" чыгармасын Казакстандын "Made in KZ" тобу кыргыз тилинде аткарып чыкты. Аталган видео социалдык түйүндөргө тез эле жайылып, угармандардын жакшы ой-пикирлерине ээ болгон.

Ал эми аталган топ ырды социалдык тармакка жүктөп: "Ильяздын ыры" - уккулуктуу чыгарма, бизге аябай жагат. Ошондон улам казак тилинде аткарып чыгууну туура көрдүк. Сиздерге дагы жагат деп ишенебиз", - деген. "Made in KZ" тобу домбранын коштоосунда чет элдик чыгармаларды кавер аткарып келгени менен белгилүү.

Белгилей кетсек, "Ильяздын ыры" чыгармасын кыргыз шоу-бизнесинен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков аткарып, клип тарттырган.

"Ильяздын ыры" жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде тартылган тасмага саундтрек болуп жазылган. Ырдын сөзү милициянын полковниги, акын Жолдошбек Бузурманкуловго, ал эми обону композитор Жекшен Тагаевге таандык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Pandora
2018-11-20 14:14:18
Казакстандык топтун,кыргыз тилинде аткаруусу жарык корду!!!!
+3
bek_tash
2018-11-20 15:55:28
Мирба жыртат го барыбир.
+1
Nurgazy80
2018-11-20 16:15:32
Обону кимге таандык экенин жазбайсыңарбы
-3
Medina87
2018-11-20 16:23:11
ОЗУ биздин Кыргызча ырлардын кобун эле казакча которую ырдап журушот Казак ырчылары.
Тан эртен, кечкисин автобустун шоферлору коюп коюшат жаныртып. Рахаттаныыып угам го чиркин!!
0
Beka1986
2018-11-20 19:19:23
Эн сонун аткарышкан,азаматсынар казак туугандар.Баракелде!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан