Алматыда чатырга тоңуп калган муздан аял каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазды. Алматынын полициясы аталган маалыматты жергиликтүү басылмаларга тастыктаган.
Окуя Бостандык районунда бүгүн саат 13:00 чамасында болгон. 1958-жылы туулган жергиликтүү тургундун үстүнө чатырдан тамган суудан тоңуп калган муз түшүп кеткен. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми окуя кырсык катары кабылданганын Алматы шаардык полициясы билдирген.