Чүйдөгү Аламүдүн районунда кийим тигүүчү цехке кирип, жумушчуларды тоногонго шектүүлөр кармалды

Чүй облусундагы Аламүдүн районунда тигүү цехин карактап кеткенге шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну арыз менен Аламүдүн РИИБине кайрылган. Анда жабырлануучу 31-октябрга караган түнү белгисиз бет капчан адамдар кийим тигүүчү цехке кирип, андагы адамдарды белгисиз курал менен коркутуп, 3 даана мобилдик телефонду алгандан кийин качып кетишкенин айтып кайрылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүүлөрдү кечээ, 19-ноябрда кармашты. Алар 23 жаштагы А.Т., 27 жаштагы А.А. жана 25 жаштагы А.Э. аттуу Бишкек шаарынын тургундары экени белгилүү болгон. Шектүүлөрдөн далил буюм катары уюлдук телефондор жана унаа алынган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
OMURBEK.
2018-11-21 11:41:13
Щоруң кургурлар жапжаш балдарго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан