71 жаштагы орусиялык музыкант Бари Алибасов 80 жаштагы актрисага үйлөндү

Орусиялык белгилүү музыкант, продюсер Бари Алибасов 80 жаштагы актриса Лидия Федосеева-Шукшинага үйлөндү. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, жуптардын үйлөнүү тою Москва шаарындагы Кутузов ЗАГСында өтүп, ага артисттердин жакын туугандары, достору гана катышкан.

Бари Алибасов менен Лидия Федосеева-Шукшина 1995-жылдан 1998-жылга чейин жашап, эки башка жолго түшүшкөн. Алар ажырашкандан кийин ортодогу сый мамилени сактап калышкан. Арадан 20 жыл өткөндөн кийин мурунку сүйүшкөндөр кайрадан баш кошууну туура көргөн.

Бари Алибасов буга чейин расмий түрдө 5 ирет үйлөнсө, фиктивдүү нике дагы курган. Анын мурунку жубайларынан 2 баласы бар.

Ал эми "Печки-лавочки", "Они сражались за Родину", "12 стульев" жана башка тасмалардагы ролу менен белгилүү болгон Лидия Федосеева-Шукшина буга чейин 4 ирет турмушка чыккан. Анын мурунку никелеринен 3 кызы, небере, чөбөрөлөрү дагы бар.

Алибасов - орусиялык "На-На" тобунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. 2019-жылы аталган топ өзүнүн 30 жылдыгын белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
barakcha
2018-11-21 11:13:31
Бактылуу болгула!Норм жашагыла эми 2жылдан кийин кайра эки жолго тушуп кетпей
+6
bond02
2018-11-21 11:44:44
Охоо стаж бири биринен калышпайт го.
+1
Patirot
2018-11-21 20:37:07
80 жаш болсода 50 жаштай корунотко
0
Tyty1990
2018-11-21 22:24:27
Каждый вечер берёт за старое дегендей
0
Matahara1980
2018-11-22 06:55:13
Ushul uilonup butpoi koidugo karyganda kaljyndashyp
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан